Connect with us

Ырчылар тойлорго ылайыкталган ырларга өтүүдөбү?

Билим-маданият | 21 Окт 2019 | 912 | 0

Күз айында той сезону башталып, кыргыз ырчылары тойлордо гана ырдап калышканын көрүүгө болот. Ал эми жеке концерт берүүгө жана башка аймактарга гастрольго чыгууга чыгым кеткенинен улам, кошумча каражат табуу үчүн тойлорго барышканын айтышат.

Тойлор ресторан-кафелерде гана ырчы, бийчилердин коштоосунда концерт сыяктуу өтүп калды. Ырчылар тойдо гана ырдашып, маданият чөйрөсүнөн алыстап баратабы?

Сезон убагында тамадалар беш саат сүйлөп 200-300 доллар тапса, ал эми атагы таш жарып, жылдызы жанып турган ырчылар 10 мүнөттө эки ыр ырдап, 500 долларга чейин акча тапкандар бар.
Аймактарга гастролдоп ырдаган ырчыдардын саны азайып баратат, бирок угармандары үчүн жеке концерт бергендер да жок эмес.

Ырчылар тойго көп баргандыктан той форматтагы  ырларды ырдай баштады.

Көбүнчө музыкалык сабаты жок ырчылар ырдын баркын кетирип жатканына тынсызданган ырчы, комузчу Токтобүбү Черикчиеванын айтымында, акча табуу үчүн гана ырдап, клип тарткандар көбөйүп кетти. Ал эми жеке концерт берүү үчүн 20дан ашуун ыр аткарышы керектигин айтты.

Азыркы учурда ырчылап көбөйүп кетти, алар тойдо да ырдашып, клип да тарттырып жатышат. Эми азыр баары акча үчүн, атын чыгаруу үчүн ырдагандай сезилет. Бирок нукура таланттуулар да жок эмес.

Ырчылар тойдо гана ырдап калды деген пикирге кошулбаган ырчы Урмат Усенов, ырчылар өз алдынча издениши керектигин айтып, бирок ырчылар тойдун форматындагы ырларды ырдап калышканын кошумчалады.

Мен ойлойм бул учурдун талабы, ырчылар тойдо эле калышты деген сөзгө кошулбайм. Алар интернет аркылуу дагы каражат тапкандар бар. Эгер тойлордун сааты кыскарып, форматы өзгөрсө, элдин да көз карашы өзгөрсө керек деп ойлойм. 

Ырчы Съездбек Искеналиев, чыгармачыл адамдар элдин жакшылыгында кызмат кылганы нормалдуу көрүнүш деп эсептейт. Кайсы жерде эл ырды сүйүп укса ошол жерде ырдай турганын айтты.

Чыгармачыл адам дайыма изденип, элге жаңы ырларды тартуулаш керек. Бирөөнүн ырын ырдагандар, алар ырчы эмес да. Ырчы ыр жазып, акча сарптагандан кийин, ал кайра иштеши керек, акча табышы керек. Ошондуктан тойго барабы, концерт коёбу ал өзүнүн иши. Мен бирөө үчүн жооп бере албайм.

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, маданияттын кызматкерлеринин айлык маянасы аз болгондуктан, чыгышы мүмкүн. Жеке жаш ырчылар тойлордо ырдап жатышат, бирок аларга тыюуу сала албай турганын айтат.

Бул көптөн бери көтөрүлүп келаткан көйгөй. Маданият кызматкерлеринин айлык маянасы аз, 5миңден жогору айлык акы алат. Ошол себептен кошумча каражат табуу үчүн чакырган жерге барып ырдап жатышат. СССР убагында атайын комиссия бар эле, ырчыларды көзөмөлдөп турушкан. Эми азыр жеке ырчыларга тыюу сала албайсың, кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, концерт коё берет.

Ырчылар аймактарга эмес, коңшу өлкөлөргө барып, мекендештер үчүн жеке концерт койгондор жок эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM