Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Москвага Орусиянын Думасынын эсебинен бардык

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 636 | 0

“Жогорку Кеңештин депутаттары Москвага мамлекеттин эсебинен барып футбол ойношту” деп социалдык тармактарда талкуу жараткан маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Марал” радиосуна билдирди.

Баардык чыгымдарды уюштуруучулар башкача айтканда Орусия тарап жолунан баштап, жатаканасына чейин өздөрү камсыз кылды. Негизги максат футбол эмес, бир канча  өлкөнүн депутаттарынын чогулуп, ишмердүүлүгү  боюнча тажрыйба алмашып, оюн аркылуу жакындатуу болгон. Бизге расмий түрдө чакыруу келип, 12 депутат бардык,” — деди эл өкүлү.

Марлен Маматалиев билдиргендей, эң негизгиси мыйзам чыгаруу жаатында транспорт маселеси аларда кандай чечилип жатканын көрүп, таанышып келүүгө мүмкүнчүлүк болгон.

Иш-чара 17-21- октябрь аралыгында болуп, ага 12 мамлекеттин Франция, Германия, Литва, Сербия жана башка өлкөлөрдүн парламентинин депутаттары катышкан. Мындай мелдеш Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан 10-жолу уюштурулуп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM