Биз менен байланышыңыз

Мугалимдерге эң көп айлык төлөгөн өлкө кайсы?

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 4362 | 0
Люксембург Европадагы зң кичүү өлкөлөрдүн бири. Бирок бул өлкөдө биз билбеген кызыктуу фактылар көп. Мисалы, Люксембург мугалимдердин айлык акысы эң жогору болгон өлкө. Adme порталы сунуштаган бул өлкө тууралуу кызыктуу маалыматтарга көз чаптырсак:

  1. Орто мектеп мугалимдеринин айлыгы 7 миң доллардан башталат
© Depositphotos

Маалыматка ылайык, Люксембургда — мектеп мугалимдерине төлөнүүчү айлык өлчөмү дүйнө боюнча биринчи орунда турат. Аталган өлкөдө мугалимдердин кадыры өтө жогору жана бул кесип ээлеринин башталгыч айлыгы 7 миң доллардан башталат.

Люксембургда 15 жылдык тажрыйбага ээ мугалим орточо 9700 доллар айлык алышат. Мыкты мугалим болгондор 12 миң 200 доллар алышы ыктымал.

2. Миңдеген адамдын өмүрүн сактаган чеп

© Philippe Clément / UIG Travel and Satelite / East News

Бул чептин астында ЮНЕСКО тарабынан коргоого алынган узундугу 17 кмди түзгөн жер асты долдор бар. Алгачкы бөлүктөрү 1644-жылы курула баштаган. Дүйнөлүк согуш учурларында 35 миңдей тургун жашынып, жардыруучу заттардан коргоно алышкан.

3.  Тургундардын көпчүлүгү — чет элдиктер 

© Polina Sushko / Unsplash

Люксембургда 500 миңден ашык киши жашайт. Алардын 47 пайызы — башка өлкөлөрдөн (айрыкча, Португалия, Франция жана Италия).

Бул жерге күн сайын күчтүү делген — Бельгия. Германия жана Франция өлкөлөрүнөн келип иштеп кетишет. Жумуштагы ыңгайлуулук ишкерлерди өзүнө тартат.

4.  Люксембург тургундары — полиглоттор

© The Coach Space / Pexels  

Эгерде Люксембургда жашасаңыз өзүңүз эле полиглот болуп чыгасыз. Себеби, бул өлкөдө 3 мамлекеттик тил бар: француз, немис жана люксембург тили. Люксембург тили 1984-жаылы тил макамынын алган.

5.  Жон Леннон менен Люксембургду эмне бирлештирип турат?

© Wojtek Laski / East News

«Зулумдукка жок дейбиз» айкели 1980-жылы швед сүрөтчүсү Карл Фредрик Рейтерсворд тарабынан британдык музыкант Жон Леннондун өлүмүн эскерүү максатында тургузулган. Люксембург өкмөтү эстеликти сатып алып, БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесине белекке берген. Люксембург өзүнө да дал ушундай эстелик курдурган.

Дүйнө боюнча бул айкелдин 30га жакын нускасы бар.

6.  Люксембург калкы — Европадагы эң бактысыз кишилер

© Francois Walschaerts / AFP / East News  

Таң каларлык, бирок дүйнөлүк бактылуулук индекси боюнча Люксембург 2009-жылы 122-орунду ээлеген, 2016-жылы болсо, 140 өлкөнүн ичинде 139-орунда жайгашкан. Эвропанын эч бир өлкөсү мынчалык төмөн орунга түшкөн эмес.

Индекс 3 көрсөткүч боюнча эсептелген: адамдардын жашоосуна ыраазылыгы, жашоо узактыгы жана экология коопсуздугу.

7. Шенген Люксембургдан орун алган 

© MilenaP / Photononstop / East News

Шенген зонасы, виза жана ушул аталыштагы келишим — Люксембургда жайгашкан кичинекей шаарчанын урматына аталган.

Тарых боюнча: 1985-жылы 14-июнь күнү Шенген шаарынан узак болбогон Мозель дарыясындагы «Ханыша Мария Астрид» кемесинде 5 өлкө Шенген келишимине кол коюшкан. Бул жайды тандоонун себеби: бул жер 3 өлкөнүн Люксембург, Франция жана Германия чек-аралары туташкан аймак болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM