Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: 5 жылда майыптардын саны 10 пайызга өстү

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 809 | 0

Акыркы беш жылда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 10%га өстү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны былтыр 29 миң болсо, быйыл бул көрсөткүч 31 миң 800дү түзгөн.

«Майыптардын ар биринин артында төлөмдөр бар. Төлөмдөр министрликтин бюджетине таасир этет. Мындан сырткары чоң адамдардын арасында да майыптуулук өсүүдө. Учурда майыптуулуктун кесепети менен иш алып барбай, анын себептерин аныктоого аракет кылып жатабыз», — дейт Кочкоров.

Ал белгилегендей, квалификациялык талаптарга жооп берген майыптарды конкурссуз жумушка алуу боюнча мыйзам долбоорун иштелип чыккан. Жакынкы күндөрдө өкмөткө сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM