Биз менен байланышыңыз

Токтошев: 2020-жылдын бюджетинде өнүгүүгө багытталган долбоор жок

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 524 | 0

Кыргызстандын 2020-жылга карата республикалык бюджетинде экономиканын өнүгүүсүнө салым кошо алчу өзгөчө долбоор жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев “Маралга” берген маегинде билдирди.

“2020-жылга республикалык бюджет социалдык багытта эле болуп калды. Биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө, экономиканын өсүүсүнө таасирин тийгизе турган же жумуш ордун пайда кылуучу өзгөчө долбоорлорду көргөн жокмун. Баягы эле айлык акы, пенсияны төлөө сыяктуу эле болду”,-дейт Токтошев.

Эл өкүлү мындан сырткары, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылдын бюджети 9 миллиардка көбөйгөнүн жана аймактарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом каралганын маалымдады.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM