Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 500 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
— Темиркул Дайыров — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары;
— Асылбек Машрапов — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
— Адилет Апышев — «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун электро-монтеру;
—Курманжан Байтиков — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Түп райондук электр тармагынын башкы инженери;
— Ырысбек Наркеев — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын Ат-Башы электр тармактарынын улук диспетчери;
— Рысбек Омуралиев— «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги;
— Аскар Сооронбаев — «Жалалабадэлектр» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:
— Алидин Болотбек уулу — Токтогул ГЭСинин электротехникалык лабораториясынын инженери;
— Медербек Калыбеков — Токтогул ГЭСинин жабдууларын оңдоо боюнча 4-разряддагы электрослесары;
— Топчубек Маматалиев — Таш-Көмүр ГЭСинин электромашина цехинин 4-разряддагы слесары;
— Рафаиль Надбагин — «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун жылуулук тармактары боюнча начальнигинин орун басары;
— Шайлообек Оганов — Токтогул ГЭСиндеги электроцехинин 5-разряддагы электрослесары;
— Исак Худайбердиев — Азия өнүктүрүү банкынын «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорун жүзөгө ашыруу тобунун начальниги.

Copyright © 2017 Maral FM