Биз менен байланышыңыз

ФИФАнын президенти Инфантино Кыргызстанга келет

Кыска кабар , Спорт | 17 Окт 2019 | 1507 | 0

Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) президенти Жанни Инфантино 2020-жылы Кыргызстанга келет. Ал кечээ Монголияда Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов менен жолугушуусунда Кыргызстанга келүү убадасын берген. Бул тууралуу Канатбек Маматов «Маралга» билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда футболду өнүктүрүүнү ар тараптуу багыттары талкууланган. Канатбек Маматов ФИФА президентин Кыргызстанга чакырган.

«Биз Жанни Инфантино мырза менен жолугуштук. Жолугушуу жакшы болду. Кыргызстандын футболун өнүктүрүүнүн жолдорун талкууладык. ФИФА бул боюнча бизге кандай жардамдарды бере ала тургандыгы тууралуу баарлашуу болду. Мен Инфантино мырзаны Кыргызстанга чакырдым. Ал келерки жылдын апрель айларында келем деп убада берди», — деди Канатбек Маматов.

Эске сала кетсек, ФИФАнын башчысы Жанни Инфантино баштаган топ Монголиянын Футбол федерациясынын 60 жылдыгына жана Улан-Батордо ФИФА уюму курган футболдук стадиондун расмий ачылышына катышты.

Copyright © 2017 Maral FM