Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо качан болору айтылды

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 6968 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдарда Жогорку Кеңешке жана Жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландалган: 2020-жылдын апрелинде 31 Жергиликтүү Кеңешке шайлоо, 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 Жергиликтүү Кеңешке шайлоо, 2021-жылы 4 Жергиликтүү Кеңешке шайлоо (айылдык).

БШКнын төрайымы 2020-жылдагы шайлоолорго даярдыктар боюнча бардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн убакыт талап кылынарын жана кезектеги шайлоолордун мөөнөтүн сактоону эске алуу менен пландаштырылганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүүнүн, жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатуунун жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    16.10.2019 19:53

    Шайлоо бул элдин келечегин тандоо. Ошондуктан элдин тагдыры менен ойногон ким болбосун катуу жаза коддонуу керек болбосо эл ишенбейт.Шайлоодо элди алдап, голосту акчага сатып алам дегендерди ким болбосун жоопко тар уу керек, Голос сатылат деген жок закондо, ким сатып алса да, саткан га да жаза болушу керек элдин ишенимин актоо учун. Мурдагыдай боло берет деген болсо жанылышат жаштар тажап бутту баягы эле мандат сатып алган тойбос депутаттардан.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM