Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Латвия улуттук китепканасына «Манас» эпосунун жыйнагын белек кылды

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 505 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Латвиянын улуттук китепканасына Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» китебин белек кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков китепкананын жамааты менен болгон жолугушууда: «Биз кыргыз жеринен Латвия окурмандарынын руханий байлыгын арттыра турган баалуу белек ала келдик. «Манас» эпосу — кыргыз элинин баа жеткис мурасы, сыймыгы жана тарыхы. Бул байыртадан бери ооздон-оозго өтүп сакталып калган чыгарма сиздердин китепкананын фондун байытып, кадыр-баркын арттырат деп ойлойм», — деди.

Латвия улуттук китепканасынын аткаруучу директору Дзинтра Мукане төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирүү менен бирге Латвия окурмандары кыргыз адабиятын ар дайым жогору баалай турганын баса белгиледи.

«Манас» эпосунан сырткары биздин китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да көп окулат. Айрыкча, жаштар кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, салт-санаасын жана маданиятын Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Ак кеме», «Гүлсарат» сыяктуу чыгармалары аркылуу жакшы билишет», — деп кошумчалады китепкананын өкүлү.

Рига шаарындагы белгилүү китепканада дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнөн чогултулган эки миллиондон ашуун китеп сакталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM