Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Уттук ыраазымын. Жыйынтык эсеп канааттандырбайт

Кыска кабар , Спорт | 16 Окт 2019 | 1939 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин командасы Монголияны жеңгенине ыраазы, бирок жыйынтык эсепке канааттанган жок. Бул тууралуу ал беттештен кийинки маалымат жыйында билдирди.

«Бул оор оюн болду. Биринчи бөлүктө биз өтө жакшы ойнодук. Ката кетирүүлөр болду, бирок аны биз кийинчерээк талкууулайбыз. Мен жеңип алганыбызга ыраазымын, бирок жыйынтык эсеп мени канааттандырбайт. Монголия менен да Мьянма менен беттешкендей ойноп, зарыл болгон упайларды алыш керек болчу», — деди Александр Крестинин.

2022-жылы өтүүчү Дүйнө жана 2023-жылы бол турган Азия Кубогуна тандоо этабынын 4-турунда кечээ, 15-октябрда улуттук курама Улан-Батордо Монголия менен ойноду. «Акшумкарлар» 1:2 эсебинде жеңиш менен кайтышкан.

Төрт турдан кийин Кыргызстан 6 упай менен экинчи сапка көтөрүлдү. Япония 9 упай менен сап башында. Тажикстан 6 упайы менен үчүнчүдө. Монголия, Мьянма төртүнчү, бешинчи орундарда келе жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM