Биз менен байланышыңыз

Таабалды Тиллаев шахтада каза болгон бир туугандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 491 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгон бир туугандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу «Республика-Ата журт» фракциясы Фейсбук баракчасына жарыялады.

Таабалды Тиллаев шахтада каза болгон бир туугандардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, өзүнүн жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан материалдык колдоо көрсөттү.

Ошондой эле эл өкүлү жергиликтүү бийликке аталган үй-бүлөгө керектүү жардам берүүнү жана шахтада эмгектенгендерге техникалык-коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жетиштүү деңгээлде жүргүзүүнү тапшырды.

Эске салсак, 5-октябрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада бир туугандар каза болушкан. Алар Камалидин Якубов 1975-жылы туулган, Жамалидин Якубов 1977-жылы туулган, Низамидин Якубов 1975-жылы туулган. Бир туугандар 165 метр тереңдикте болушуп, экөө жер астында жан берген, бири ооруканага жетпей каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM