Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө эч кандай кысым болгон жок

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 485 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымат сайттарынын бирине комментарий берип, анда ИИМдин жетекчилиги дагы эле тергөөгө кысым көрсөтүп жаткандыгын, мурда тергөө кызматы анын шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымат берген.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги: «Тергөөгө кандайдыр бир кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча эч кандай сөз дагы болбош керек», — деген билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, Курсан Асановдун иши боюнча иликтөөнү башынан баштап Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. ИИМдин башчысынын мурдагы орун басарына шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдаманы дагы Аскер прокуратурасы тапшырган. Ички иштер министрлиги аталган иш боюнча эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзгөн жок. Ал эми, жактоочунун ички иштер органдарын жөн жерден каралоо аракеттери туура эмес иш.

Эске салсак, Курсан Асанов 14-октябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан 23-декабрга чейин үй камагына алынган. Ал 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM