Биз менен байланышыңыз

Кышкысын көмүрдүн баасы көтөрүлүшү мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 720 | 0

Кышкысын көмүрдүн баасы көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени, аба ырайына байланыштуу транспорттук чыгымдар көбөйөт. Бирок көмүргө болгон баа 20 пайыздан ашык кымбаттаса, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан чара колдонулат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын коммерциалык директору Замир Кутубаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Кара-Кече көмүр кенинде 1 тонна кара алтындын баасы — 1330 сом. Аны Бишкекке ташып келүү үчүн 1500 сомдой каражат кетет. Натыйжада 1 тонна көмүрдүн баасы 3000 сомго чукулдап калат.

Казакстандын кара алтыны 400-4200 сомдон сатылууда.

«Ал эми аймактарда көмүрдүн баасы сортуна жараша ар кандай. Былтыркыга салыштырмалуу нарк өзгөргөн жок. Кара-Кече кенинде 2 электрондук тараза иштеп жатат, ал кезек күтүүнү азайтат», — дейт Кутубаев.

Copyright © 2017 Maral FM