Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Илимий даражалардын системасы чоң өзгөрүүгө муктаж

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 477 | 0

Илимий даражалардын системасы чоң өзгөрүүгө муктаж. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан илимдин доктору, илимдин кандидаты деген советтик системадан чыгышы керек. Илимий даражалардын деңгээли түшүп кетти, плагиат көп. Илимий даража алуу модага айланып калды.

«Илимий даража алгандардын түпкү максаты — башкача. Андайлар жеке максатын толуктоо үчүн «илим» деген ыйык сөзгө кесепетин тийгизип койду. Мен кызматта жүрүп докторлук даражаны жактоого убактым болгон жок. Чоң окумуштуу болуу үчүн артынан түшүү зарыл», — дейт Акматалиев.

Ал мамлекеттик кызматта 10 жылдай иштеп, көп тажрыйба топтогонун белгиледи.

«Бирок мамлекеттик кызматтын жаман жери жеке адам көрүнүктүү жыйынтыктарды көрсөтө албайт. Нарын университетинде ректор болуп турганда мактанчу иштер көп болду. Ал эми Мамлекеттик башкаруу академиясынан Атамбаев бийликке келгенде кеткем. Ага менин саясий көз караштарым себеп болгон экен. Икрам Илмиянов чакырып опузалап кирди. Мен да катуураак жооп берген окшойм. Көрсө, ал өлкөнүн бир топ жерин башкарып калган таасирдүү фигура экен. Фейсбуктагы билдирүүлөрүмдү анализдеп, суроолорду жазып келип, алдыма таштап кеткен күндөрү да болду», — дейт саясат талдоочу.

Акматалиев буга кошумча, эч кимди негизсиз сындабай турганын айтып, сын менен кошо сунуштарды берерин белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM