Биз менен байланышыңыз

Ош улуттук драма театрында оңдоо иштери жүрүп жатат

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 386 | 0

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Иштин жүрүшү менен Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында таанышып чыкты.

Бүгүнкү күндө театр имараты өрт коопсуздугун сактоочу жана сахнанын механикалык жабдуулары жана залдын желдеткичи эскилиги жетип жаңыртылбай турат, Ошондой эле, иимараттын тышын, гримдөөчү бөлмөлөрүн да оңдоп-түзөө зарыл.

Эске салсак, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына республикалык бюджеттен 16 млн сом акча бөлүнгөн. Каражат 30 иш бөлмөнү оңдоого жумшалмак.

Бүгүнкү күндө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры капиталдык оңдоодон өтүүдө. Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улутук филармониясында оңдоп-түзөө иштери аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM