Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 949 | 0

Бүгүн, 14-октябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин мамлекет башчыларынын VII Саммитин даярдоонун алкагында Азербайжандын Тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Министрлер эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулап, ошондой эле ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгын баса белгилешти.

Ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.

Copyright © 2017 Maral FM