Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ош шаардык кеңешине боло турган шайлоо күнү айтылды

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 611 | 0

Бишкек шаардык Кеңешине 2021-жылдын апрель айында шайлоо өтөт. Ал эми Ош шаардык Кеңешинин депутаттары 2020-жылы шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айтылды.

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары 2016-жылдын 11-ноябрынан тарта ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Ошондуктан 2021-жылы апрель айында шайлоо болот. Ал эми Ош шаарында 2020-жылы шайлоо өтөт. Бул «Жергиликтүү Кеңештер жөнүндө» мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына киргизилген түзөтүүлөргө байланыштуу болууда.

БШК билдиргендей, 2020-жылы мындан сырткары 30 Жергиликтүү Кеңешке шайлоо өтүп, октябрь айынын башында парламенттик шайлоо болот.

Copyright © 2017 Maral FM