Биз менен байланышыңыз

Чынарбек Изабеков финалдык баскычка өттү

Кыска кабар , Спорт | 13 Окт 2019 | 537 | 0

Бүгүн, 13-октябрда кыргызстандык Чынарбек Изабеков Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк Күрөш федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Грузиянын Тибилиси шаарында өтүп жатат. Изабеков 12-октябрда эркин күрөш түрү боюнча 46 жаштан 50 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (C категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашып, үч беттеш менен финалга чыкты.

Эми ал финалда ирандык балбан Али Аббас менен беттешмекчи.

Чынарбек Изабеков Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаттарына бешинчи ирет катышып жатат. Ал буга чейин эки алтын, бир күмүш, бир коло алган.


Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

Тазабек Икрамов күрөштөн Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту (ВИДЕО)


Грузиядагы быйылкы чемпионатта Кыргызстанга:

  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев алтын медаль;
  • Бердикул Караев күмүш медаль;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алып келишти.

8-октябрда башталган Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты бүгүн 13-октябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM