Биз менен байланышыңыз

Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 718 | 0

Грузияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев жеңүүчү болду.

Ал 78 кг салмакта чемпионатка катышкан. Турганбаев өткөн жылы да аталган чемпионатка катышып байгелүү орунга ээ болгон.

Ал эми Кыргызстандан дагы бир ардагер балбан Билимбек Капарбеков да ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында  күмүш байгеге ээ болду.

Буга чейин ушул эле чемпионатта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло байгеге ээ болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM