Биз менен байланышыңыз

Телережиссер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды

11-октябрда  белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги малымат берди.

Умтул Орозова тууралуу кыскача маалымат:

—  кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун кызы;

— маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан;

— Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн;

Ал эми, эмгек жолун «Комсомольская Правда» газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп иштеген.  1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM