11-октябрда белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги малымат берди.
Умтул Орозова тууралуу кыскача маалымат:
— кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун кызы;
— маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан;
— Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн;
Ал эми, эмгек жолун «Комсомольская Правда» газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп иштеген. 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.