Биз менен байланышыңыз

Бишкек инвестициялык форуму ишкерлерди дүйнөлүк рынокко даярдайт

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 1201 | 0

«Bishkek Investment Forum» бизнес-форуму өлкөгөгө инвестиция тартууну, ишкерлерге маалымат берип, глобалдык рынокко даярдоону максат кылат. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясынын директору Фархад Пакыров билдирди.

Анын айтымында, 800гө жакын инвестициялык долбоор даярдалып, 8 млн доллар инвестиция тартылган. Учурда 25 компания жигердүү иш алып барууда.

Бүгүн «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM