«Bishkek Investment Forum» бизнес-форуму өлкөгөгө инвестиция тартууну, ишкерлерге маалымат берип, глобалдык рынокко даярдоону максат кылат. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясынын директору Фархад Пакыров билдирди.
Анын айтымында, 800гө жакын инвестициялык долбоор даярдалып, 8 млн доллар инвестиция тартылган. Учурда 25 компания жигердүү иш алып барууда.
Бүгүн «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.
Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышууда.