Биз менен байланышыңыз

Балдар коопсуздугу: «Автокреслосу» жок унааларга айып салынат

Коом | 10 Окт 2019 | 5439 | 3

МАИ кызматкерлерине таандык болбогон айрым милдеттер алынып салынды. Аны менен катар, жол кыймылынын эрежелерине бир катар толуктоолор киргизилди. Алардын бири жаш балдардын коопсуздугу үчүн атайын автокрсело алып жүрүү. Бул эрежени бузган айдоочуларга 3 миң сом айып пул салынары маалымдалды. Аталган, тактап айтканда, «Жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттер жөнүндө» Токтомго Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Токтомдо кабыл алынган эрежелер боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев маалымат берди.

— Буга чейин милиция кызматкерлери  айдоочунун тиешелүү документтерин текшерип келген. Эми жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, кызматкерлер коопсуздукту гана көзөмөлгө алат. Салык испекторлору документтерин  текшериши керек. Чет өлкөдөгү тажрыйбадан улам, коопсуздук үчүн өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.

Буга чейин жол эрежелери боюнча бир катар сунуштарын айтып келген Бишкек айдоочулар союзунун төрага орун басары Дүйшөнаалы Токтакунов балдардын боюна жана салмагына жараша автокреслолорду чет өлкөдөн алып келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

— Мен мурдатан эле өз сунуштарымды айтып келем. Бүгүнкү жол эрежелери боюнча киргизилип жаткан өзгөрүүлөр туура деп ойлойм. Себеби, коопсуздук учурдун эң көйгөйлүү маселеси болуп турат.   

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун пикиринде, милиция кызматкерлери айдоочулардын коопсуздугун көзөмөлдөө керек. Ошол эле учурда, айдоочулар да балдардын коопсуздугун ойлошу зарыл.

— Айдоочулар өздөрүнүн коопсуздугун, ошол эле учурда балдардын коопсуздугун ойлошу керек. Такси айдоочуларына да бирдиктүү тартип киргизилиши керек. Себеби, такси айдаган айдоочулардын арасында тажрыйбасы жок жаштар да бар. Албетте, бул — жаш балдар үчүн кооптуу.

Жарандык активист Семетей Талас уулу: «Жаш балдардын коопсуздугу каралышы маанилүү, бирок бул үчүн коопсуз курду эле тагынуу эле жетиштүү, ал эми автокресло алыс жолго чыккандарга керек», — деген оюн билдирди.

— «Коопсуз шаар» долбоору башка өлкөлөргө караганда биздин өлкөдө кымбат. 3 миң сом айып пул — жөнөкөй жарандар үчүн кымбат. Ал эми жаш балдардын коопсуздугу үчүн жаңы ченемдер жакшы. Себеби, балдардын коопсуздугу маанилүү. Акыркы учурларда жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны өсүп баратат. 

Кошумчалай кетсек,  «Жаңыдан баштаган айдоочу» жана «Таксомотор» аталышындагы атайын белгилер киргизилди. Бул белгилер ар кандай күтүүсүз кырсыктардын алдын алат. Ошондой эле айдоочулар да бул белгиси бар унааларга карата коопсуз аралыкты сактайт.

3 пикир

3 пикир

  1. Абдурасулов Камчыбек

    13.10.2019 21:30

    Бул автокреслону атайын таксилерге эле киргизсе болмок карапайым эл буга али даяр эмес.

  2. Токур

    18.10.2019 09:01

    Туура Европа олколорундо детский кресло илгертен эле киргизилген, бирок кыргыздар европеец эмес зеенин унутпаш керек,
    Биринчиден, бизде коп балалуу мектеп жашына чейин экоо учоо,, коп учурда талаага чыккандан эки жаш баласы менен чыгышат, менчик, машина учтон торттон, такси экиден кресло салып журуш керекпи, бул закон абсурд, гаинин чонтогуно тушо турган закон. Мен ойлоймун бизди дагы европадагыдай бир балалуу болгонго турткон закон.
    Закону жок эле эч ким оз баласына жамандык каалабайт. Бакма балдарга кайдигер болгон Европа, Америкада бала укугун коргоо кучтуу, бизде баланын укугу бойго жеткенде ата энесинин, мугалимдин колунда болушу керек.

  3. Айдаров

    19.10.2019 05:19

    Карапайм элдин шору кайнаптырда

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM