Биз менен байланышыңыз

Украина: Миллиардер Константин Жевагого эл аралык издөө салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 532 | 0

Украинанын экс-депутаты, миллиардер ишкер Константин Жевагого издөө жарыяланды жана жакын арада ал эл аралык издөөгө да берилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюросу маалымдады.

Жеваго мурда жетекчилик кылган «Каржы жана Насыя» банкындагы «2,5 миллиард гривенди (113 млн доллардан ашык) ыксыз сарптаган», — деп айыпталып, ага өткөн айда кылмыш иши козголгон.

Ал буга чейин тергөөгө келбей, өзү тууралуу дооматтардын баарын четке каккан. Жевагонун басма сөз кызматы ишкер ушул тапта чет өлкөдө дарыланып жатканын билдирген.

«Финансы жана Насыя» банкы  2015-жылы карызга баткан.

Банктын мурунку башчысы Константин Жеваго 1998-жылдан баштап Жогорку Раданын VI жолку чакырылышында депутат болгон. 2019-жылы парламенттик шайлоодо өзүнүн округунда «Эл кызматчысы» партиясынын талапкери Алексей Мовчанга утулуп калган.

Жеваго – Украинанын алдыңкы байларынын бири. Forbes журналынын эсебине ылайык анын байлыгы 1,1 миллиард долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM