Мамлекеттик каттоо кызматы жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөй калган айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлерине жаңы үлгүдөгү күбөлүк алууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
«2011-2012-жылдары берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Бирок эл аралык стандарттар боюнча, маселен, Орусияда мындай документ жараксыз болуп эсептелет. Андыктан, жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөй калган айдоочулук күбөлүктүн ээси 20-ноябрдан тарта жаңы күбөлүк алса болот. Эгерде ага чейин алмаштырам десе, документтин баасы 1 жарым миң сомго чыгып кетет», — дейт Туйбаева.
Ал мөөнөтү көрсөтүлбөй калган айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын аймагында жарактуу экенин айтты.
Туйбаева белгилегендей, эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк китеп түрүндө 3 жылдык мөөнөт менен берилет.
«Пластик түрүндөгү айдоочулук күбөлүк — улуттук күбөлүк. Жарандар башка өлкөгө туруктуу жашаганы баратса, эл аралык үлгүдөгү күбөлүк колдонот. Бирок ал документ улуттук айдоочулук күбөлүксүз жараксыз болуп саналат», — дейт Туйбаева.
Белгилей кетсек, жарандар айдоочулук күбөлүк, транспорт каражаттарын каттоо маселелери боюнча 119 кыска номуруна байланышып, суроолорго жооп ала алышат. Чалуу акысыз.