Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын башчысы Дархан Кыдыралини кабыл алды

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 475 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Ага Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев да катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, маданияты жана түрк тилдүү элдердин улуу инсандарына арналган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарларды өткөрүү боюнча Академиянын активдүү ишин белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойногонун айтты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда ушул жылдын ноябрында өтө турчу Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөт деп үмүттөнөрүн билдирди.

Дархан Кыдырали өз кезегинде Кыргызстан жана Казакстандын да элин бириктирген түрк тарыхын жана маданиятын мындан ары да жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM