Биз менен байланышыңыз

Жазуучулар союзун мамлекет каржылашы мүмкүн

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 1030 | 0

Кыргыз улуттук жазуучулар союзун мамлекет каржылашы мүмкүн. Бул тууралуу союздун төрагасы Нурлан Калыбеков «Спутник» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча депутат Тазабек Икрамов атайын мыйзам долбоорун жазып, ал Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өттү. Алдыда дагы эки окуудан өткөрүү күтүлүп жатат. Эгер Жогорку Кеңештен колдоо таап калса, аталган союздун улуттук деген макамын эске алып, мамлекет тарабынан жылына бир жолку каржылоо ишке кирет. Ошондой эле мамлекетке болгон 1 миллион 500 миң сом карызы жоюлат. Муну менен катар, азыркы ижарага алып иштетип жаткан имарат Жазуучулар союзунун өздүк балансына өткөрүлөт, же башка имарат берилет.

Мындан тышкары, төрага Нурлан Калыбеков жакын арада эле Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен да жолукканын, анда Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча сүйлөшкөнүн маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM