Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Абылгазиев Бекназаровго «Альянс Алтын» боюнча убада берген эмес

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 627 | 0

Азимбек Бекназаровдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда «Альянс Алтын» компаниясындагы мамлекеттин үлүшү тууралуу маселени карап чыгууга убада берди деген билдирүүсү толугу менен чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев элдик курултайдын демилгеси менен анын өкүлдөрү жана Азимбек Бекназаров менен жолугушкан. Анда «Кумтөр» боюнча жаңы келишим, «Жер үй» алтын кенинин ишмердүүлүгү талкуулаган. Өкмөт башчы Кумтөр боюнча түзүлгөн стратегиялык келишимдин артыкчылыктары, ошондой эле тоо кен өндүрүшү тармагында Өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу айтып берген.

«Бирок Азимбек Бекназаров Премьер-министрдин тоо кен ишканаларындагы мамлекеттин милдеттүү үлүшү жөнүндөгү сөздөрүн таптакыр туура эмес чечмелеген. Ооба, мындай ыкма бүгүнкү күндө активдүү колдонулууда, себеби, дал ушундай үлгү тоо кен тармагына өз капиталын салып жаткан инвесторлор үчүн кепилдик болуп берет, жергиликтүү эл менен инвестордун мамилесин турукташтырууга, конструктивдүү жолго багыт алууга шарт түзөт. Бул ыкманы премьер-министр инвестор үчүн да, мамлекет үчүн да туура жана экономикалык жактан пайдалуу деп эсептейт. Мындай принцип боюнча «Алтынкен», «Терек-Сай», «Макмал» кендери иштеп жатат. Премьер-министр дал ушуларды айткан.

«Жер үй» боюнча айтсак, 2015-жылы өткөн сынакта «Восток-геолдобыча» ачык акционердик коому пайдалуу шарттарды сунуштап, жеңүүчү аталган. Компания сынактын шарттарына ылайык, Кыргызстандын бюджетине 100 млн доллар төлөгөн жана «Альянс Алтын» компаниясынын карамагына катталган. Кийинчерээк Орусия менен «Жер үйдү» өздөштүрүү долбоорун өнүктүрүү боюнча кызмтташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Ага Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарында жетишилген жана инвестиция чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын натыйжалуу үлгүсү катары кызмат кылууга багытталган.

Андан бери компания Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, учурда кызматташтыктын бардык шарттарын өз учурунда аткарууда», — дейт Адилет Султаналиев.

 

Copyright © 2017 Maral FM