Биз менен байланышыңыз

47 тонна кездемени мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган факты аныкталды

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 505 | 0

«Чалдыбар унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунан түрмөктөлгөн кездеме жана жасалма жиптерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды.  Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Атап айтканда, 1,6 млн сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 млн сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма жип оромун алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган.

Импорттоочулардагы электрондук эсеп-кысаптын көчүрмөсү Казакстандын салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле СТ-1 формасындагы товарлардын келип чыгуу сертификаты жок болгон. Коштоочу кагаздагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын көрсөтүлгөн коду товарларды алып коюунун тизмесинде бар, башкача айтканда, бул товарлар Казакстандын аймагында сатуу үчүн гана арналган жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө алып чыгууга болбойт.

Мыйзам бузуу материалдары тиешелүү органдарга андан аркы иш-чараларды жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM