Биз менен байланышыңыз

Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1734 | 0

Жарандык активист, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочу Замир Жоошевге таянып жазды.

Жактоочунун айтымына караганда, Алга Кылычов тергөө менен кызматташууга барышы мүмкүн. Ал: «Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган», — деп билдирген.

Ошондой эле, КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Жогоруда аты аталгандарды «Массалык башаламандыкты жана барымтага алууну уюштурушкан», — деген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM