Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 40 млрд сомго чейин салык түшпөй жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 697 | 0

Өлкөдө салык саясаты бар. Бирок Кыргызстандагы система салыктарды чогулта албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран киреше-чыгашасы боюнча декларациясын тапшырып туруусу кажет. Ошол эле учурда мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда эмне бар экенин жашырып алгандыктан, канча салык алынганы так көрсөтүлбөй жатат.

«ИДПга салыштырмалуу 18 %га чейин салык алышыбыз керек. 200 млрд сомдон 40 млрд сомго чейин салык түшпөй жатат. Тагыраагы, ал сумма бирөөлөрдүн чөнтөгүндө калып калууда. Анткени, 6 млн элдин баары бир нерсе сатып алат», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү өнүккөн өлкөлөрдө жарандардын ар бир сатып алуулары боюнча статистика бар экенин белгилеп, Кыргызстандан андай система жок болгондуктан, көмүскө экономикага негиз түзүлүп, экономика туура башкарылбай жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM