Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: 10 жылдан соң президенттин көзүн карабай калабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 573 | 0

Эл өкүлдөрү өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун көзүн караганынын себеби — Конституцияда президент күчтүү. Анын колунда күч органдары бар. Бул парламенттин эркин сүйлөшүнө таасир этет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Дагы 10 жылдан соң президенттин көзүн карабай калабыз, толук кандуу парламент иштеши мүмкүн. Учурда кошуна өлкөлөр президенттик башкарууда. Бизге да алардын таасири тийип жатат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековго эл баасын берип жатканын, анын кемчили болсо өзүнүн бетине айтарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM