Connect with us

«Саясатта кызыкчылык алдыга чыкса, пикир өзгөрүп кетет»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 689 | 0

Сындар трибунада микрофондо айтылат. Тойдо өкмөт мүчөлөрү, же эл өкүлдөрү бар экен деп кетип калган болбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саясатта кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгып кетсе, пикирлер өзгөрүп кетет.

«Казакбаевдин тоюна мен да катыштым, андан чоң саясат көргөн жокмун. Казакбаев өзүнүн жакындарын, туугандарын чакырды. Бири-бири менен бет карашпайт дегендер да тойдо бирге отуруп калышы мүмкүн. Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов бир убакта катуу тирешкен. Ошондуктан эл тарабынан реакция болду өңдөнөт. Пендебиз, түрдүү талаш маселе болуп калышы мүмкүн. Саясатта бир убакыттан соң кайра ынак болуп кетиши мүмкүн. Текебаев менен мамилебиз жакшы болуп иштеп калдык», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жеке тиреш болбогонун айтты.

«Атамбаевге мен да катуу сын айттым, анткени, элде тынчсыздануу көп болду. Эми калганын турмуш көрсөтөт. Алдын ала көзү ачыктык кылуу кыйын», — дейт Сулайманов.

Copyright © 2017 Maral FM