Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Министрлер Абылгазиевге айлап кире албаган учурлар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 485 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде министрлер Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге айлап кире албаган учурлар бар экенин билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бир команда болгон соң, Абылгазиев ар бир министр менен 24 саат бою пульсту кармап отурушу керек.

«Премьер-министр министрлерди кабыл албай жатса, жумуш кайдан жылат? Комплекстүү реформаларды жасоо зарыл. Ал эми бизде андай болбой, бир багыттуу реформа жасалууда. Карама-каршылыктар көп. Анын баарын кесип алып салып, чогуу реформа жасоо зарыл, чокулап ийгиликке жетпейбиз. Бүгүнкү темп менен 1 жылда реформа жасай албайбыз», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү аткаруу бийлигине парламент тарабынан да, президент тарабынан да жетиштүү саясий колдоо болгонуна карабай, Өкмөттүн иши жылбай жатканын белгиледи.

«Бажы, салык кызматында мурдагы система сакталууда. Салык, бажы, энергетика тармагына жакшы реформа жасаса, алдыга жылууга болот», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM