Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик кадр кызматынын 6 айдан бери жетекчиси жок

Коом , Саясат | 4 Окт 2019 | 870 | 0

Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан бери анын ордуна, тактап айтканда, Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи дайындала элек. Кыргызстандын кадрдык маселесин чечкен мекеменин мындай абалы тынчсыздануу жаратпайбы?

Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Ошондой маанилүү экенине карабай, мекеме жарым жылдан бери жетекчиси жок иштеп келет.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жарым жыл өтсө да, жетекчи дайындалбаганына тынчсызданганын жашырбайт.

— Бул — аябай маанилүү кызмат. Көп өлкөлөрдө мамлекеттик кадр кызматы өзүнчө тармак. Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө атайын улуттук саясат болушу керек. Бул саясатты бизде президенттин алдындагы кадр кызматы жүргүзөт. Мамлекеттик кызматкерлердин дараметин дайыма көтөрүп туруу зарыл. Аларды талдоо, тандоо, анализдөө боюнча тесттерди өткөрүүсү керек. Ошондой эле, стат-катчылардын институту бар, бизде министрдин орун басарлары стат-катчы болуп жатпайбы. Алар менен да кадр кызматы иштейт.

Акрам Мадумаров сөз болуп жаткан кызматты жакшы жетектеп, күтүүсүздөн башка кызматка дайындалганын айткан саясат талдоочу Марат Казакбаев бул орунга татыктуу жаштар көп деген ойдо. Ал ошондой эле, эмне себептен жаңы жетекчи дайындоо көпкө созулуп кеткенин түшүнбөй жатканын кошумчалады.

— Чындыгында, бул — оор жумуш. Кесипкөй кызматкерди даярдагандарга көп сын айтылып келет. Негизи мамлекеттик кадр кызматын жетектегенге талапкерлер көп эле. Жаштардын арасында бул ишти алып кете ала турганы жетиштүү эле, өкмөттүн ичинен же президенттин аппаратынан алып келсе болот. Керек болсо депутаттардан бирөөнү койсо болмок. Мисалы, Жанар Акаев сыяктуу жаштардан. Эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине көп сын айтат эмеспи? Өздөрү кандай иштээрин көрсөтсө болмок. Эң биринчиден, бул маселени вице-премьер-министр чечиши керек эле.

«Мамлекеттик кадр кызматы маанилүү мекемелердин бири. Бирок жарым жылдан бери жетекчи дайындалбай жатканы жакшы көрүнүш эмес», — дейт депутат Марлен Маматалиев. Анын белгилешинче, бул кызматка реформа жасай ала турган жетекчи дайындалуусу керек. Ошол эле учурда, креслонун бош турганын, жакшы адис табылбай жатканынан көрбөйт.

— Мамлекеттик кадр кызматынын бүгүнкү күнгө чейин жетекчиси жок болуп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Себеби, жетекчи деген баары бир жетекчи. Бул кызматка системаны толугу менен түшүнгөн жакшы адис керек. Жетекчинин дайындалбай жаткандыгынын бир себеби, менин оюмча, тиешелүү адистин жоктугу. Экинчиден, бизде бир чыңалуу болуп калды — ал, кызматка дайындоодо аймактык бөлүнүү. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, президент түштүктөн болсо, түштүктөн көп кадрларды коё албай калып жатат, же тескерисинче. Туулган жерине карабай жакшы адисти тезирээк дайындоо зарыл. Себеби, жетекчинин жоктугу кесепетин тийгизип коюшу мүмкүн.  

Мамлекеттик кадр кызматынын негизги милдеттери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү, башкаруунун жогорку кесипкөй системасын түзүү, мамлекеттик органдардагы кызматтын баркын көтөрүү жана кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM