Биз менен байланышыңыз

Өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркагандар көбөйүүдө

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 418 | 0

Өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын кезектеги жыйынында маалымат берген Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев билдирди.

«Учурда 1235 жаран аталган оору менен ооруйт. Аларга 2018-жылга чейин тендердик негизде бир эле компания гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Бирок оорулуулардын саны акыркы жылдары көбөйгөндүгүнө байланыштуу башка жеке менчик клиникаларга жеңилдетилген акы төлөө жолу менен дарылоо системасын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты», – деди Чечейбаев.

Министрдин орун басары билдиргендей, азыркы тапта бардык оорулуу жарандар гемодиализди мурдагыдай кезек күтпөстөн, керектүү учурда алууда. Анткен менен Өкмөт кабыл алган жаңы токтомдо оорулуу жаран бир айда 12 гана жолу гемодиализден өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Калган дарылоону өз чөнтөгүнөн төлөөгө мажбур. Ал эми көпчүлүк учурда оорулуулар бир айда 13-14 жолу гемодиализге муктаж болот.

Депутаттар аталган чектөөнү алып салуу зарылчылыгын белгилешип, тиешелүү өкмөттүк мекемелер көйгөйдү тез арада чечиши керектигин билдиришти.

Жыйын соңунда «Ата Мекен» парламенттик фракциясы атайын токтом кабыл алып, гемодиализге муктаж жарандарга керектүү каржылык маселелерди тез арада жолго коюуну жана дарылоо санын чектөө тартибин жоюуну тиешелүү министрликтерге тапшырышты.

Copyright © 2017 Maral FM