Биз менен байланышыңыз

Айдоочуларга өмүрдөн мурда, капчык маанилүү

Коом | 8 мая 2019 | 840 | 0

6-майдан тарта Кыргызстанда жол коопсуздугу үчүн күрөшүү жана эрежелерди сактоо жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында ар бир айдоочу өзүнүн жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тиешелүү эрежелерге баш ийиши керектиги түшүндүрүлүп жатат. Маселен, коопсуздук курун бир гана айып пул төлөбөш үчүн курчануу милдет эмес, ар бир жаран курду курчануу керек деген кеңештер берилүүдө.

Өлкөдө 6-майдан 12-майга чейин «Жол коопсуздугу» боюнча атайын жумалык башталды. Бул иш-чараны БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү эки жылда бир өткөрүлүп келет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловдун пикиринде, айдоочулар бир гана айып пул төлөбөө максатында эле коопсуздук курун курчанбастан, дайыма эрежени сакташ керек деп эсептейт. «Такси кызматын колдогон кардарлардын көпчүлүгү, унаанын артына отурганда коопсуздук курун курчанышпайт», — дейт Саркулов.

— Бүгүнкү күндө шаарыбызда, деги эле өлкөдө унаа көптүгүнөн, жол кырсыктары мүнөт сайын катталып жатат. Материалдык эмес, адамдын өмүрү тууралуу айтсам, жаш балдар үчүн аябай эле кыйын болуп калды. Айдоочулар атайын көрсөтүлгөн ылдамдыктын чегинде эрежени сактап айдабагандыктан, коомчулукта ар кандай жагдайлар болуп жатат. Айып пулду гана ойлоп, МАИ кызматкерлердин жанына келгенде эле коопсуздук курун курчанып, ылдамдыкты азайтуунун кереги жок. Анткени, жашоо бизге керек да. Бул жагын да эске алуубуз зарыл.

Ушундай эле ойду Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев да колдоду. Ал: «Коопсуз шаар» долбоору киргенден бери, эл өзүлөрүнүн капчыгын ойлоп, коопсуздук курун курчанып калышты», — дейт. Долбоор болбосо деле, ден соолук үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо шарт экенин айтты.

— «Коопсуз шаар» долбоору киргенден бери, мыйзам бузгандар мурункуга салыштырмалуу кадимкидей эле азайып калды. 10 жыл мурун айдоочулар жана жүргүнчүлөрдүн дээрлик көбү коопсуздук курун курчанчу эмес. Бүгүнкү күндө, өзүңөр көргөндөй, көп айдоочу эреже бузбай калды. Бул да болсо, жогоруда айтылган долбоордун жакшы жагы.

Ал эми бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Жол коопсуздук коомдук бирикмесинин координатору Нуркамал Максүтова аталган жумалык кызуу башталып, иш-чарага даярдык жогорку деңгээлде экенин билдирди. Бул Бишкекте гана өткөрүлбөстөн, жалпы облустардын алкагында өткөрүлүп, анын ичинен айрыкча, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөрүн  кошумчалады.

— Биз бул иш-чараны эки жылда бир уюштуруп келебиз. Быйыл коопсуздук кур боюнча өткөрүүнү чечтик. Себеби, көпчүлүгү кур курчанышпайт экен. Жаш өспүрүмдөр жашы жете электе эле алдыңкы орундуктарга отуруп, коопсуздук курун курчанышпайт. Бул жумалыкты республиканын бардык аймагында өткөрөбүз. Мектеп окуучуларына да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай кыска видеотасмаларды көрсөтөбүз.

Бүгүнкү күндө ата-энелер балдарына кайдыгер. Мындай ойду «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыкты. «Унааларын көрсөтүлгөн ченемден ашыра айдап, балдарын адам эмес, «буюм» катары көрүшөт», — дейт Турдубекова.

— Мен ата-энелерди такыр түшүнбөйм. Унаасын буюм жүктөп бараткансып айдашат. Балдары эч кандай коопсуздук курун курчанбайт. Кичине балдар үчүн атайын автокреслолор жок. Бул багытты карашыбыз керек. Себеби, кырсыкты алдын алуу ушундай майда нерселерден башталат.

Балдар үчүн атайын чыгарылган автокреслону жана, коопсуздук курун шаардын тургундары колдонобу? Айдоочулардан жана наристесин жетелеген тургундардан сурап көрдүк.

— Мен унаага отурарым менен коопсуздук курун курчанам. Көнүп калгам. Айдоочулук күбөлүктү СССР учурунда алгам да. Башында кандай үйрөнсөң, аягына чейин ошондой болот.

— Айып пулдардын акчасын көбөйтүп койду го, айла жок, чөнтөктү ойлоп курчанып калдык.

— Балдарымдын ден соолугу мен үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан, биз атайын автокреслолор менен жүрөбүз. Өзүбүз дагы коопсуздук курду курчанабыз.

— Мен шаар ичинен курчанам, бирок узак жолго чыкканда курчанбайм. Себеби, жүдөп кетем.

Кыргызстанда Жол коопсуздугу үчүн күрөшүү жумалыгы эки жылда бир өтүп келет. Бирок ар жылы ар башка ураандар менен иш алып барышат. Быйылкы иш-чаралар эрежелерди сактоо жана «Коопсуздук курун» курчанууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM