Биз менен байланышыңыз

«Ата-Журт — Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого катышат

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 935 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына «Ата-Журт — Кыргызстан» саясий партиясынан 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу боюнча билдирме түштү. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бектемиров Келсинбек Базаркуловичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Болотакунова Саида Амановнаны дайындады.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституцияга ылайыкталып, кайра иштелип чыккан мыйзамдын негизинде өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 90 депутаттан куралып, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Бүгүн, 2-сентябрь саат 18:00гө карата 24 партия шайлоого катышарын билдирди.

1. «Социал-демократтар»

2. «Улуттар биримдиги»

3. «Ишеним»,

4. «Альянс»

5. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»

6. «Жаратман Эл»

7. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»

8. «Ата Мекен»

9. «Ыйман Нуру»

10. «Эл үмүтү»

11. «Актив»

12. «Бийлик элге»

13. «Акыйкат Кыргызстан»

14. «Ар-Намыс»

15. «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы»

16. «Күч биримдикте»

17. «Азаттык»

18. «Ынтымак»

19. «Аалам»

20. «Тилектештик»

21. «Социалист»

22. «Ак Бата»

23. «Адилет»

24. «Бирге»

Copyright © 2017 Maral FM