Биз менен байланышыңыз

«Аэрофлоттун» директорунун орун басары сурак берип жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 610 | 0

Орусиядагы «Аэрофлот» компаниясынын башкы жетекчисинин орун басары Владимир Александровду сурак берүү үчүн тергөө комитетине алып келишти. Бул тууралуу «Интерфакс» булагы жазды.

Маалыматка ылайык, Александров жемкордукка байланыштуу тергелүүдө. Анын бөлмөсүн тинтүү жана документтерди текшерүү иштери жүрүүдө.

Александров компаниялар менен иштешип, контракт түзүүдө юридикалык жардам көрсөтүүдө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барган. Андан пайда болгон чыгаша 250 миллион рубль болору күтүлүүдө.

Владимир Александров авикомпанияга 2013-жылы келген.

Copyright © 2017 Maral FM