Биз менен байланышыңыз

Парламентте Тыныбекованын машыктыруучусуна батир берүү сунушталды

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 922 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна батир белек кылууну сунуштады. Бул тууралуу оюн парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

— Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды. Эми бул эстафетаны Өкмөт алып, машыктыруучусуна жок дегенде бир бөлмөлүү батир белек кылса, чоң стимул болот. Мунун арты менен алдыда боло турган Токиодо өтүүчү олимпиадада чемпион болот деген үмүткө салым кошосуздар, — деди депутат.

Белгилей кетсек, Айсулуу Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 62 салмакта алтын медаль уткан. Бул ийгилик үчүн президент Сооронбай Жээнбеков спортчуга 3 бөлмөлүү батир белек кылган болчу.


Айсулуу Тыныбекова президент белек кылган батирине кирди (фото)


 

Copyright © 2017 Maral FM