Connect with us

Сооронбай Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүүдө банктар менен иштешүүнү күчөтүү зарыл

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 660 | 0

Район жана облустардагы экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча коммерциялык банктар жана каржы-кредиттик мекемелер менен иштешүүнү күчөтүү зарыл. Мындай аракет аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында жүргүзүлүшү керектигин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алганда айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Президент банк башчысы менен өлкөдөгү акча-кредиттик саясатын жүргүзүү ишмердиги, банктык жана төлөм системасынын азыркы кырдаалы, ошондой эле өлкөдөгү баа жана каржылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чараларды талкуулаган.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү каржы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн, Кыргызстандын экономикасын узак мөөнөткө өнүктүрүү үчүн ишкерлердин жана жарандардын кызыкчылыгын эске алып, каржылык ресурстарды моблизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Аны менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын системасында санариптик технологияларды жана автоматташтыруу процессин ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөдө банктык төлөмдөрдүн жаңы шарттарынын деңгээлин жогорулатуу боюнча мындан ары чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанда баалардын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгын, 2019-жылдын августунда жылдык инфляциянын көлөмү 2%ды түзгөндүгүн белгиледи.

Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты экономикадагы активдүүлүккө дем берүүгө багытталган: эсептик жүктөм (4,25%) төмөндөдү жана кредиттик операциялар жүргүзүлүп жатат.

Мамлекет башчысына ошондой эле кичи ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо үчүн пайдалуу шарттарды түзүү, насыялоону кеңейтүү жана ошондой эле санариптештирүү алкагында банктык кызмат көрсөтүүлөр, өлкө аймактарындагы каржылык шарттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Улуттук банк 2019-жыл ичинде жалпы көлөмү 36 млрд сомду түзгөн 27 кредиттик аукцион өткөргөн. Анын ичинде көпчүлүк бөлүгү — 27 млрд сом аймактарды өнүктүрүү максаты үчүн кредиттик аукциондордун алкагында сунушталган.

Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн төлөм системасы туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Мобилдик банкинг шарттарын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор, накталай эмес эсептөөнүн заманбап формасы жана өлкөнүн алыскы аймактарында банктык кызматтарды көрсөтүү ишке ашырылууда. «Элкарт» картасынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,3 пайызга көбөйдү.

Copyright © 2017 Maral FM