Биз менен байланышыңыз

Ош: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 343 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 2-октябрда саат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.

Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM