Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын угат

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 50 | 0

Ушул жылдын 7-8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын угат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин комиссия мүчөлөрү экс-депутат Равшан Жээнбековдун жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун, Улуттук коопсуз комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин, ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевдин жана Памирбек Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушкан.

Copyright © 2017 Maral FM