Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: «Манас» аэропортун дүйнөлүк компанияларга берсек, коррупциядан арылат

Күн чекит | 1 Окт 2019 | 962 | 0

Оффшордук компаниялардын жардамы менен «Манас» эл аралык аэропортунун эсебинен беш миллион доллар мыйзамсыз которулганы аныкталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Ага ылайык, аэропортто жетекчилик кызматта иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым кишилер менен жең ичинен сүйлөшүп алганы тергөө учурунда белгилүү болгон. Жетекчилер аэропорттун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иш экенине карабай, 2014-жылы пайдасыз келишимге кол койгон. Түзүлгөн бул келишимде ошол кезде банкрот абалына келген жана таптакыр киреше алып келүүгө кудурети жок «Манас» аэропортунун аймагында жайгашкан «Жылытуу борбору» ишканасынын 100 % акциясы 5 млн долларга сатылып алынган. Ишкана сатылып жаткан маалдагы акциясы болгону 100 миң сомду түзгөн.

Бул теманын тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев менен түз эфирден маек курганбыз.

— «Манас» аэропортунан 5 миллион доллар чыгарылып кеткени аныкталды» деген маалымат тарады. 5 жылдан кийинки чечим. Бул көрүнүштү кандай кабыл алдыңыз?

— Бул — албетте, жаман көрүнүш. Мамлекеттин карамагындагы компания болуп туруп, 5 млн доллар чыгарып алганынын себеби, мамлекет жакшы көзөмөлгө албай койгон. Көңүл бурулган эмес. Ошон үчүн ушундай кадамдар катталып жатат. Эми сөзсүз түрдө укук коргоо органдары аталган сумманы кайра кайтарып алуу аракетин көрүшү керек.

— Ошол учурда «Манас» аэропортун  учурда убактылуу кармоочу жайда отурган экс-мэр Албек Ибраимов жетектеп турган эле. Бул жагдай боюнча ал кишиге дагы кылмыш иши ачылышы мүмкүнбү? Ибраимовдун бул иште жоопкерчилиги канчалык?

— Албетте, Ибраимовго кылмыш иши козголот. Бул маселени ошол учурда «Ата Мекен» фракциясы Жогорку Кеңешке алып чыгып, атайын жыйын өткөргөн. Бирок бийлик унчукпай койгон. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, азыр бардыгы ачыкка чыгып жатат. Ким күнөөлүү болсо, сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. Мамлекеттин акчасы тушкелди чачырап, ар кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы туура эмес.

— «Манас» аэропорту сыяктуу мамлекеттик ишканаларга, Ачык акционердик коомдорго сындар көп эле айтылып келет. Мындай иштер башка мамлекеттик ишканалардан да чыгышы мүмкүнбү?

— Албетте, чыгат. Биз «ачык асман» мыйзамын көтөрүп, президент кол коюп берди. Эми бул мыйзам ушул жерден иштеши үчүн Бишкек менен Оштун аэропортторун дүйнөдөгү эң чоң аэропортторду иштетип келаткан компанияларга тендердин негизинде беришибиз керек. Мына ошондо гана ачык-айкындык болот. Биз аларга өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды көрсөтүп туруп беришибиз керек. Эгерде мындай жолго барбай турган болсок, мамлекет өзү иштете берсе, коррупциянын учугу үзүлбөйт. Мындай иш-аракетти буга чейин эч ким токтото алган эмес, кийин деле эч кимдин алы келбейт. Ошондуктан, аэропортторду дүйнөдөгү кесипкөй компанияларга берип, иштетиш керек. Ошондо гана майнап, жыйынтык чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM