Биз менен байланышыңыз

Пакистанда жардыруудан 3 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 551 | 0

Белужистан провинциясындагы Чаман шаарындагы жардырууда үч киши каза болуп, 7 киши жарадар болду.  Алардын арасында оппозициялык саясатчы да бар. Полиция жардыргыч зат Чаманда Пакистан менен Ооганстан чек арасынан алыс эмес жердеги диний партиянын кеңсесинин жанында токтоп турган мотоциклге коюлганын билдирди.

Расмий өкүлдөр жардыргыч зат «Жамиат Улема-и Ислам» партиясынын лидери Маулана Мохаммад Ханиф кеңседен чыккан учурда, алыстан жардырылганын билдиришти.  Ханиф келерки айда азыркы премьер-министр Имран Хандын өкмөткө каршы Исламабадда жүрүш өткөрүүнү пландаган.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хангу районунда автобуска ок атылып, алты киши каза болду. Райондук полициянын офицери Эхсан Улла кол салууга жеке талаш-тартыштардан улам чыкканын  билдирген.

Ошондой эле, каза болгондор арасында аялдар жана балдар бар. Автобус Хангу шаарынан Зергари айылына бараткан. Кол салгандарды кармоо боюнча рейд жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM