Биз менен байланышыңыз

«Курт Волкер алгачкы курмандык болду»

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 497 | 0

АКШнын Украина маселелери боюнча атайын өкүлүКурт Волкер отставкасын тапшырды. Анын мындай чечим кабыл алуусуна АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленскийге кысым көрсөтүшү мүмкүн деген арыз себеп болгон. Маалыматтарга ылайык, бул арызда Волкердин да аты аталган.

Отставкасын кабыл алуу тууралуу азырынча расмий мавалымат айтыла элек.

Сенатор Алексей Пушковдун айтымында «Курт Волкер – “Трамптын түбүнө жетүү” аталышындагы пландын алгачкы курмандыгы» болду. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды. Ошондой эле анын артынан дагы башкалар “курмандыкка чалынышы” күтүлөрүн, бирок президент өзү “суудан кургак чыгышы” мүмкүн экендигин айтты.

АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Трамп Зеленскийди коркутуу аркылуу шайлоо учурунда өзүн колдоп, оппоненттерине карата мыйзамсыз иштерди жасоого көндүрүүгө аракет кылууда деген айып тагышкан. Мындай пикир Трамп менен Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин жаралган. Трамптын бул аракети аныкталса ага карата импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Андан улам Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп кылып Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM