Биз менен байланышыңыз

Чуркап баратып таштанды терүү боюнча мелдеш өтөт

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 550 | 1

28-сентябрда Бишкектин четиндеги Чуңкурчак капчыгайында плоггинг же чуркап баратып таштанды терүү боюнча жарыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Акыркы жылдары жолдорго ыргытылган таштанды көйгөйү жаралууда. Чуркаганча таштанды чогултуу иш-чарасы айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтып, сергек жашоого үндөө максатын көздөйт.

Жарышты «Супара Чуңкурчак» этнорезорту Чуңкурчак капчыгайында жайгашкан ишканалардын колдоосу менен уюштурууда.

Катышуучулар 3, 10 жана 15 км аралыкка чуркаганча таштанды чогултушат.

1 пикир

1 пикир

  1. Уланбек

    27.09.2019 18:27

    Сонун иш чара

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM