Биз менен байланышыңыз

Композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 867 | 0

Эртең, 28-октябрда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азем саат 11:00дө Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган бир катар маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда композитордун эстелигине гүлчамбар коюу, эскерип Куран окуу менен башталат. Андан соң саат 14:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң программадагы салтанат орун алат.

Калый Молдобасанов — 1929-жылы Ак-Талаа районундагы Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Музыка дүйнөсүнө 12 жашынан аралашып, алгач Петр Шубинден таалим алган. Опера жана балет театрынын башкы дирижеру, Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда мугалим, Кыргызстан Композиторлор союзунун төрагасы, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Чыгармачылык жолунда «Манас», «Айчүрөк» сыяктуу операларды, бир нече балеттерди, симфонияларды, романстарды жараткан. Кыргыз Республикасынын Гимнинин обонун жазган авторлордун бири.

2006-жылы 77 жашында дүйнөдөн кайткан. Көзү өткөндөн кийин борбор шаарыбыздагы Кыргыз улуттук консерваториясына ысымы берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM