Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бардык финансылык, бюджеттик саясатты аймактарга бурдук

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 396 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир айыл – бир азык» долбоорун Кыргызстандын ар бир облусунда ишке ашырууну колдойт.

Мамлекет башчысы чыгарылган өндүрүмдөрдү: кийизден жана териден жасалган түрдүү буюмдарды, экологиялык жактан таза кайра иштетилген айыл чарба өндүрүмүн, азык-түлүктөрдү көрүп чыгып, ар бир айыл жана район жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно аларын белгиледи.

«Биз кайра иштетүү ишканаларын куруу ниетинде тиешелүү долбоорлору бар айыл ишкерлерине өзгөчө көңүл буруудабыз. Бардык финансылык, кредиттик, бюджеттик саясатты аймактарга бурдук. Биздин өлкөдө аймакты көтөргүсү келген адамдар көп, аларга колдоо керек. Ошону колго алып жатабыз», — деди Президент.

Сооронбай Жээнбеков эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырыла баштаган «Бир айыл – бир азык» долбоорун ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн Жапон эл аралык кызматташтык агенттигине (JIСA) ыраазычылыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM